Биз менен байланышыңыз

Дача-СУдагы кырсыктын курмандыктары эскерилди

Коом | 16 Янв 2019 | 503 | 0

Туура эки жыл мурда, 16-январда Дача-СУда жашаган эл үчүн таң башкача башталган. Күн сайын жок дегенде 10 жолу учак өтүп турганына көнгөн жашоочулар үчүн, ал күнү учак айылды басып калары миң уктаса да, түшүнө кирген эмес.

Түркиянын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы кулап, жергиликтүү 35 тургун, 4 учкуч каза болуп, бир топ турак жай кыйраган. Алардын арасында Санжар жана Кундуз аттуу тургундар 3 баласы жана 8 айлык курсагында ымыркайы менен учак алдында кала берген. Балдарын жоготкон эне ал кезде Орусияда болгонун айтат.

Бир үй-бүлөнү жоготтум. Кызымдын 8 айлык боюнда бар эле. Күйөө балам, 3 баласы каза болду. Биз ал кезде Москвада элек. Угуп эле келдик. Моргго бардык. Ошентип балдарымды жоготтум.

Ал эми Токтокан Арзиева бул кырсыкта 3 небересин жоготту. Учактын акыркы түшкөн жери анын уулунун үйү болчу. Кырсыктан бир күн мурда 6 жаштагы небересинин туулган күнү болчу. Ага байланыштуу башка жаш балдар да конокко келишкен. Бирок чоң энеси шартка байланыштуу келе алган эмес.

Келиним жумушка кетиптир, балам неберелерим менен үйдө калган экен. Бир күн мурда 6 жаштагы неберемдин туулган күнү болчу. Бара албай калдым эле. Неберем менен телефон менен сүйлөштүм эле. Болбосо мен да ушулардын арасында болмокмун. Кудайдын жазганы экен. Уулум 6 жаштагы неберем менен аман калышыптыр, 3 неберем каза болду. Балам ооруду, сынды. Айла жок турмуш өтө берет экен. Эми жакшы боло баштады.

Дача-СУлуктар бул жерде күнүнө жок дегенде 10 жолу учактын учканына көнүп деле калышкан. Бирок бул кырсыктан кийин аман-эсен таң атса деп жашап келишет. “Айла жок шартка байланыштуу көчүп да кете албайбыз”,- дейт 15 жылдан бери Дача-СУ аймагында жашап келген Айнагүл Усенова.

Ким эле ушундай жерде калгысы келет. Чынын айтканда ошол эле күнү көчүп кетким келген. Айла жок. Шарт болсо кетип эле калсак. Бирок кете албайсың. Ошол кырсыкта каза болгондор баары биздин кошуналар. Амандашып, учурашып жүргөн адамдар. Биздин көчөдөн эле 5 киши каза болду. Биздин үй бираз ыраакта болгон үчүн кудай сактады. Көчөнүн башынан эле 5 киши каза болду. Азыр дагы кудайлап жашап келе жатабыз. Эч ким кепилдик бере албайт. Учак кулагандан бери жолдор да бузулган. Айылда көйгөй көп.

Каргашалуу окуяда курман болгондорго багышталып Дача-СУда куран окутулду. Ага катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов азыркы учурда да коопсуздук маселеси бар экенин белгиледи. Анткени Дача-СУ айыл эмес, дача тибиндеги аймак экенин эске салды.

Азыркы учурда коопсуздук боюнча маселе бар. Бул Дача-СУ айылы эмес, эл белгилүү бир убакытка эс алып кете ала турган жер статусунда. Айыл статусу жок. Бул көйгөй Манас аэропортуна гана тиешелүү эмес, Жалал-Абад, Баткенде да бар. Бир эле Кыргызстанда эмес башка өлкөлөрдө да ушундай көйгөй бар.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында Түркиянын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы аэропортко жакын жайгашкан Дача-СУ аймагына кулап, 39 киши каза болгон.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM