Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 2017-жылдын 16-январында Дача СУ айылында учактын кыйрашынан каза болгондорду эскерүү аземине катышты.
Иш-чарага президенттини аппарат жетекчиси Досалы Эсаналиев, каза болгондордун жакындары жана активисттер катышышты.
Иш-чарада маркумдарга арналып Куран окутулду.
Эске салсак, 2017-жылы 16-январда ACT Airlines түркиялык авиакомпаниясынын «Боинг-747» жүк ташуучу учагы Дача-СУ айылына кулап, анын кесепетинен 39 адам набыт болгон.