Биз менен байланышыңыз

«Айыпкерди коомдук ишке тартууну жергиликтүү мамлекеттик ишкана белгилейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2019 | 480 | 0

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын улук прокурору Сирожиддин Камолидинов “Марал” радиосуна берген маегинде 2019-жылдан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстердин бир топ жакшы жактары бар экенин айтты.

Анын айтымында, мыйзамдагы кемчиликтер ал колдонула баштаганда байкалат.

«Мурда «Кылмыш-жаза кодексинине» оор эмес кылмыштар да кирип калган эле. Мисалы, адамдын денесине атайын эмес зыян келтиргендер соттолуп кетчү. Бирок азыркы жаңы мыйзамдар өтө оор эмес кылмыштар «Жоруктар жөнүндө кодекске» кирди. Анда айыптууга айып пул салынып же коомдук жумушка тартылат. Коомдук жумуштун кандай түрүнө тартыларын жергиликтүү мамлекеттик ишкана белгилейт. Ал көчө шыпыруу, арык тазалоо сыяктуу иштер болушу мүмкүн», — дейт Камолидинов.

Белгилей кетсек, жаңы жылдан тарта оор кылмыштардан «Кылмыш-жаза кодекси», майда кылмыштардан «Жоруктар жөнүндө кодекс» кабыл алынган. Ал эми «Бузуулар жөнүндө кодекске» эреже бузуулар киргизген. Бул үч тепкичтен турган жазанын эң ылдыйкы суммасы 1000 сом өлчөмүндө. Ал эми эң жогорку айып пул жеке жактар үчүн 17,5 миң сом, юридикалык жактарга 55 миң сомду түзөт.

Мыйзамдарды иштеп чыгуудагы негизги принцип криминалдарды азайтуу, гумандуулукту жогорулатуу, жарандардын укугун коргоо менен бирге алардын мамлекет алдындагы милдетин күчөтүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM