Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Орус драма театрынынын жанындагы кафе буздурулат

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 502 | 0

Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын айланасындагы мыйзамсыз курулган кафе алынып салынат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова парламент жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы Орус драма театры капиталдык ондоп-түзөө үчүн убактылуу жабылат. Ал убакыта театрдын айланасындагы кафенин ээси менен ортодо пайда болгон талаш маселелер чечилет.

Өмүрбекова буга кошумча, мыйзамды бузгандар жазага тартыларын белгиледи.

Кошумчалай кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева “Марал” радиосуна берген маегинде Орус драма театрынын тегерегиндеги 6 кафе 10 жылдан бери мамлекеттик бюджетке бир тыйын да төкпөй иштеп келгенин айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM