Биз менен байланышыңыз

БУУнун Конвенциясын ишке ашыруу үчүн 6 млрд сом керектелет

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 458 | 0

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Майыптардын укуктары жөнүндө БУУнун Конвенциясын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Конвенция 2008-жылдын 3-майында күчүнө кирген. Анын негизги максаты бардык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын, эркиндиктерин сыйлоого артыкчылык берүү болуп эсептелет.

Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруу үчүн биринчи 10 жылда 6 млрд 647 млн сом керектелет.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргызстанда 181 миӊ ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар, алардын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM