Биз менен байланышыңыз

Камсыздандыруу төгүмдөрү үчүн эсеп тизмеси ачылды

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 408 | 0

Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө үчүн “Айыл банк” ААКнын алыш-бериш эсептери тууралуу маалымат жарыяланды.

Салык кызматы билдиргендей, тизмеге ар бир аймактык салык органдарынын аталышы киргизилди. Мындан тышкары, Салык кызматынын Бишкек шаарынын эркин экономикалык аймак субъекттерин көзөмөлдөө башкармалыгы, Бишкек шаары жана Чүй облусу, ошондой эле, Ош шаары, Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыктары  тарабынан башкарылуучу төлөөчүлөр үчүн кошумча алыш-бериш эсептери каралды.

Жарандар камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө учурунда аларды туура чегерүү үчүн алыш-бериш эсебинин тийиштүү даректерин көрсөтүүлөрү зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM