Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Орусия берген аскер техникасы тапшырылат

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 564 | 0

Бүгүн, 15-январда Кыргызстандын Чек ара кызматына Орусия берген аскер техникасын тапшыруу салтанаты болот. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдайт.

Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев жана башкалар катышат.

Аскер техникасы эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуу менен ЕАЭБ аймагындагы техникалык кызматташуунун алкагында берилүүдө. Бул боюнча документтерге 2015-жылдын 31-мартында кол коюлган.

2018-жылдын 15-декабрында Кыргызстанга продукция берүүнүн биринчи этабы аяктады. Бул ЕАЭБдеги Кыргызстандын бажы чек араларын техникалык жана инженердик жабдуу жагынан камсыздоо максатында Чек ара кызматынын иш жүргүзүү үчүн каралган атайын каражаттар эле. Жардам 123 автомобиль жана инженердик техника түрүндө каралган. Карала турган экинчи жардамдын алгачкылары 2019-жылдын I кварталында башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM