Биз менен байланышыңыз

Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтөт

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 461 | 0

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши иликтенип бүтүп сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, материалдар Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилди. Биринчи соттук отурум бүгүн, 15-январга белгиленген.

Жактоочу мындан тышкары, бул иш Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп бериши керектигин, бул жерде мыйзам бузулганын белгилейт.

Эске салсак, Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча айыпталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM