Биз менен байланышыңыз

Сатаев: Саламат Садыкова менен дуэт аткарганыма сыймыктанам

Көңүл ачуу , Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 753 | 0

Атанын жолун улаган ырчы мырза Кубаныч Сатаев «Маралдын» «Желе шоу» программасынын конокто болуп, суроолорубузга жооп берди.

Ал КРнын Эл артисти Саламат Садыкова менен бирге дуэт аткарганын эстеп, бул ыр жарым жылда даяр болгонун айтты. Обонун чыгаргандан кийин, сөзүн бир топко чейин жаздыра албай жүргөн. Алгач досу Жылдызбек Турсунбековго кайрылып майнап чыкпаган соң, жубайы жазып берген.

«Ыр жазылып баштаганда эле кайненем экөөбүз аткарганыбыз туура келерин билгем. Анан сунуштасам, таң калып эле мени мененби?-деп сурады. Ал гана эмес радиодогу иштеген кызматкерлер, тааныштарыбыз, досторум да кайненеӊ менен ырдап атасынбы? деп таңыркашкан«, — дейт ырчы.

Кубаныч Сатаев кайненеси менен мекенчил сезимди билдирген ырды аткарганына сыймыктанарын, аларды чыгармачылык бириктирип турарын айтат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM