Биз менен байланышыңыз

Ата-энесиз тарбияланып жаткан балдарды аныктоо тапшырмасы берилди

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 483 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова балдарды коргоо жана алардын коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Анда ал 2019-2020-жылдарга карата ведомстволор аралык иш-чаралардын планынын долбоорун талкуулады.

Ошондой эле, Өмүрбекова балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөө тууралуу коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү керектигин айтты. Тийиштүү түзүмдөр турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдү аныктоого дыкат көңүл буруп жана көмөктөшүүсү керектигин кошумчалады.

“Эгерде кимдир бирөө зомбулуктун түрүнө күбө болсо, же балага карата ушундай мамиле тууралуу маалыматы болсо – токтоосуз түрдө аракет көрүп, № 111 «ишеним телефонуна» жашыруун шартында чалуусу маанилүү”, -деди Өмүрбекова.

Мындан сырткары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ата-энесиз тарбияланып жаткан балдарды аныктоо, ошондой эле балдарга карата орой мамиленин жана зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди күчтөндүрүү милдеттендирилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM