«Кыргыз кыйындарынын көбү кайырчыга айланды»,- деди эле мындан бир топ жыл мурун акын Нурлан Калыбеков. Бул сөз мени башка бир ургандай, шалдырай түшкөм. Кызыгы бүгүн бул чындыкка күн сайын бет келип, анан да көнгөндөй болуп баратат окшойм. Мүмкүн көнүп калуум күнөөдүр… Мүмкүн бул дегениӊ кадимки жашоодур… Мүмкүн турмуштук укмуш сабактыр…
… Жибек Жолуна бурула берээрдеги жол чырактын жанында токтоп турган элем. Кайырчыга такыр окшобогон бирөө тереземе келди. Келди да акырын гана колун созуп, жардам берчи дегендей ишаарат кылды. Колума тие калганын берип, жүрүп кеттим. Бирок ойлондум. Жадесе колу да кайырчылардын колуна окшобойт. Аппак, кара жумуш көрбөгөн, шаарлык ак кол интеллигенттин колу… Анын тагдырын сүрүштүрүүгө убактым жок эле анда, болгону ошол күндөгү картина көз алдымда кала берди.
Ал эми бүгүн СССРдин учурунда гонарары көп, гезит- журналдан аты түшпөгөн кыргыз жазуучусунун бири менен чай ичип отурдум. Мен үчүн турмуштук тажрыйба топтоп, адабияттан маалымат алуу күнү эле, маӊдайымдагы адам үчүн жөн жай чайлашуу болчу. Көптөн бери адамдар чалып, ал- ахывалын сурабай калган кары калемгер көп арманын төгүп отурду. Чыдап уктум. Чынында тажап кеттим. Себеби мен тишинен иши көп, жаӊы кыргызмын. Убактым да аз эле. Биз көп темада сөз козгодук. Өтө кызыктуу фактыларды жазып алууга үлгүрдүм. Бирок узап кеткенден кийин көз алдыма кайра баягы көчөдөн көргөн ИНТЕЛЛЕКТУАЛДУУ КАЙЫРЧЫ элестеди.
Заманга, замандагы шуулдаган, акчага ыктаган жаӊы кыргыз адамына көнө албай, жек көрүп, боюна жуутпай, ошол эле саам кайра ошол акчалуунун эшигин тешип, китеп чыгарып бер деген бир муун «интелегент» бар. Ааламдашуу дегенди- аӊкоолуктай түкшүмөлдөп, компьютердин жанына эски басма машинкесин коюп алып, СССРди көксөп, сагынып отурган бул адамдардын эски костюму бизге эми зарылбы, жокпу? Социалдык баракчасы жок, миӊдеген катталуучусу анан да «ЛАЙК» калтыраар окурманы, күйөрманы жок бул муундун азабы кимге?.. Алар азыр жазып аткан мени да такыр түшүнүшпөйт болуш керек. Анткени окушпайт. Бирок мени алардын кайырчылык тагдыры ойго салат.
Албетте мен ак сакал «кайырчылардын» тагдырына өзгөртүү киргизе албасым ырас. Ошол эле учурда эртеӊ ИНТЕЛлЕКТУАЛДУУ КАЙЫРЧЫлардын катарын толуктап калуучуларга кулак кагыш кылаарыма ишенем. Жашоодо акылдуу болуп көрүнүү менен акылдуу болуп жашоонун айырмасын билген жакшылар бар. Болгону алар заманга наалат айтпайт, заман менен кошо өнүгүп жүрүп олтурат, замандан мурун эмес, заманы менен жашташ өлөт. Дүйнөнү дүмүрдүн тешигинен эмес, дүйнө дүрбүсүнөн карайт. Өзүн бүгүнкү күндүн эмес, эртеӊки күндүн өнүгүүлөрүнө карай тарбиялайт. Окуйт, изденет, башы менен жер казат. Анан да ошол изденүү жолунда бир улуу күч анын жакшы иштерине жол ачаарын туюк туюму менен сезет. Улуулардын өткөнүнөн азык алып, келечек муундарга бардык жагынан кайрымдуу боюнча кала берет… А Тагдыр дегениӊ «Дубалга урулган топ сыяктуу» кайрадан өзүӊө кайтып, өз дооранын жүргүзөт да өтүп кетет. Тагдыр да Кудай сыяктуу адам пенденин атагына, жылтыр- жултур көйнөгүнө эмес, ЖҮРӨГҮНДӨГҮ чындыгына карайт окшобойбу?..
Журналист: Жазгүл Жамангулова