Биз менен байланышыңыз

Талкаланган 91 эстеликтин 50гө жакыны калыбына келтирилди

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 463 | 0

Ысык-Көл районунун Ананьево айылындагы талкаланган 91 эстеликтин 50гө жакыны калыбына келтирилди. Алар азырынча орнотула элек. Бул тууралуу «Маралдын» аймактагы кабарчысы билдирди.

Эске салсак, 11-январда саат 16:00 чамасында чиркөөнүн кароолчусу менен диний кызматкер сыйынуу үчүн барышканда бир нече эстелик талкаланып турганын көрүшкөн. Ал жерден милиция кызматкерлери христиан дининдегилер тагына турган  кайчылашкан сызык формасындагы 35 белгини жана мрамордон жасалган 2 эстеликти сынган абалда табышты. Азыркы тапта милиция кызматкерлери жалпы 91 эстеликтин сынганын аныктады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM