Биз менен байланышыңыз

“Тилектештик автобусу” аркылуу 3 миңдей жаранга укуктук жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 558 | 0

Юстиция министирлиги БУУнун өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен 2016-жылдан бери өлкөнүн алыскы аймактарындагы калкка “Тилектештик автобусу” долбоорунун алкагында юридикалык жана укуктук жактан бекер жардам берип келет.

2018-жылы өлкөнүн Чүй, Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарына, Бишкек жана Ош шаарларына жалпысынан 168 калктуу аймактарга бырышкан. Анда 3048 жаранга юридикалык жактан жардам көрсөтүлдү.

Жардам алгандардын 1859у аял, 1189у эркектер болгон, ошондой эле 511и мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар.

Бул жардамчы топтун курамында Юстиция министирлигинин кызматкерлеринен сырткары, Социалдык фонддун, мамлекеттик каттоо кызматынын, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлдөрү да катышты.

Долбоордун алкагында негизинен мүлктү менчиктештирүү, мүмкүнчүлүгү чектелгендиги боюнча документтер, жөлөк пул жана алимент, пенсия алуу, сотко кайрылуунун жолдору, үй-бүлөлүк талаш-тартыш жана башка маселелер боюнча эң көп консультация берилген.

Кошумчалай кетсек, “Тилектештик автобусу” долбоору 2016- жылдан бери БУУнун өнүктүрүү долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында жүргүзүлүп келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM