Биз менен байланышыңыз

11 айда мигранттардан 2 млрд доллардан ашык акча которулду

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 537 | 0

2018-жылдын 11 айы ичинде чет өлкөдө эмгектенген кыргыз мигранттары мекенине 2 млрд 479,5 миллион доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын ушул айларына салыштырмалуу акча которуулар 191,6 млн долларга өскөн. Акча которуулардын 90% дан ашыгы Орусиядан —  2 млрд 436,3 млн доллар которулган. Экинчи орунда АКШ турат, бул өлкөдөн 24,2 млн доллар келген.

2018-жылдын 11 ай аралыгында  Кыргызстандан башка өлкөлөргө 494,4 млн доллар которулган.

Акча которуулардын таза агымы 2018-жылдын январь-ноябрь айларында 1 млрд 985,1 млн долларды түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM