Биз менен байланышыңыз

«Авиа Трафик Компани» 2018-жылдын мыкты авиакомпаниясы деп табылды

Кыска кабар | 14 Янв 2019 | 463 | 0

2018-жылдын мыкты авиакомпаниясы деп «Авиа Трафик Компани» табылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.

Эл аралык “Манас” аэропортунун онлайн добуш берүү аркылуу мыкты жүргүнчүлөргө мыкты кызмат көрсөткөн авиакомпанияларды аныктады.

Добуш берүү 2018-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин жүргүзүлдү. Бул убакытта добуш берүүгө 5 миңден ашык киши катышты.

“Авиа Трафик Компани» авиакомпаниясы 1172 добуш менен алдыга чыкты.

Алдыңкы үчилтикке чет өлкөлүк «Аэрофлот» компаниясы да кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM