Биз менен байланышыңыз

Медетбеков: Кытайдан аткезчилик жол менен келген товарлар көп

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Янв 2019 | 670 | 0

Коопсуздук боюнча талдоочу, генерал Артур Медетбеков “Марал” радиосуна берген маегинде Кытайдан аткезчилик жол менен келген товарлардын саны көп экенин билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан келген товарлардын сапаты начар болсо да көз жумуп койгон учурлар аз эмес. Аны карапайым эл көзөмөлдөй албайт. Муну тийиштүү мамлекеттик органдар текшерүүгө алышы керек.

Медетбеков айрым бажычылар коррупция боюнча кармалып, сурак берип жатканын айтып, бул «айсбергдин» көрүнгөн тарабы гана экенин белгиледи.

«Бирок, тилекке каршы көп учурда сапатсыз товарлар өтүп жатат. Мисалы, жакында Ленинград шаарында электрондук жабдыктарды, үй-тиричилик техникаларын алып келүү боюнча кытайлык фирма менен ири келишим түзүлгөн. Алынып келинген тетиктердин ичинде атайын тыңшоочу аппарат табылган. Мындан улам келишимди бузушту. Ушул сыяктуу мисалдар өлкөнүн коопсуздугуна таасирин тийгизет», — дейт Медетбеков.

Ал Кытайдын унаалары Кыргызстанга кирип келип, унаа жолдордун талкаланышына себеп болуп жатканын дагы кошумчалайт.

«Кытайларга каршы жол жабабыз деген жигиттерге айтарым, Кытай тарап жолун жаап койсо кыргыз элине эле көп зыян алып келет. Ошондуктан этияттык менен мамиле жасоо зарыл», — дейт Медетбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM