Биз менен байланышыңыз

Ак үйдүн имаратына түкүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 565 | 0

Жогорку Кеңештин имаратынын алдына түкүрүп, аны видеого тарткан жаран Тоң районунан кармалды. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти. Ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кайра бошотулган.

Бул жаран Ак үйдүн алдына барып, мамлекетти уурдап, жеген, ичкен жана карызга батырган адамдар өлкөнү башкарып кеткени, колунан эч нерсе келбей туруп сүйлөгөндөрдүн урматына деген сөздөрдү айтып, Ак үйдүн имараты тарапка түкүргөн. Ошондой эле бул жоругу үчүн 5500 сом айыппул төлөөгө даяр экенин айткан.

Эске салсак, 2019-жылдан баштап бир топ жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, коомдук жайларда түкүрүүгө тыюу салынып, 5500 сом айыппул каралган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM