Биз менен байланышыңыз

Кулматовго карата козголгон кылмыш иши иликтенип бүттү

Кыска кабар | 8 Янв 2019 | 673 | 0

Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго карата козголгон кылмыш иши иликтенип бүттү. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Анын айтымында, учурда иштин материалдары менен таанышуу процесси жүрүүдө. Юрист тергөө учурунда бир топ мыйзам бузуулар болгонун айткан.

Жактоочу кошумчалагандай, Бишкектин мурунку мэри Албек Ибраимовдун да иши иликтенип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Бирок соттук отурумдун так күнү белгилене элек.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов шаар мэри болуп турганда эки мектептин курулушуна бөлүнгөн гранттык акчанын 2 млн долларын кымырып алган деп айыпталган. Ага акыркы айыбы угузулуп, 20 жылга эркинен ажыратылыш мүмкүн экендиги айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM