Биз менен байланышыңыз

Президенттик аппарат Текебаевге ырайым кылуу боюнча сунушту карап бүтө элек

Кыска кабар | 7 Янв 2019 | 758 | 1

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди камактан чыгаруу боюнча президентке берилген сунуш дагы деле каралып жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева «Маралга» билдирди.

Анын маалымдашынча, экс-президент Роза Отунбаева жана Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын төрагалары жолдогон өтүнүч президенттик аппаратта тармактык бөлүмдөрдүн кароосунда.

Кошумчалай кетсек, 19-декабрда мурдагы президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин акыйкатсыз камалганын айтып, ага ырайым кылуусун өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдогон. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин 6 фракциясынын тең лидерлери колдогон.

Copyright © 2017 Maral FM