Биз менен байланышыңыз

Таласта 250 тонналык муздаткыч пайдаланууга берилди

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 801 | 0

Кечээ, 3-январда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Аманбаев айылында 250 тонналык вакумдук муздаткычтын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу айыл өкмөттүн башчысы Манзур Темирбеков билдирди.

Анын айтымында, 250 тонналык вакумдук муздаткыч Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 12 млн 900 миң сомго алынды. Муздаткычка айыл чарбасында кеңири өстүрүлгөн болгар калемпири жана түстүү капуста, өрүк, алма жана башка жемиштер сакталат.

Иш-чарага Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев, Кара-Буура районуну акими Баратбек Сыдыкназаров баш болгон чиновниктер катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM