Биз менен байланышыңыз

Профессор, доктор Пирмат Купуев каза болду

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 1149 | 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Купуев Пирмат Купуевич каза болду. Бул тууралуу анын окуучулары социалдык баракчасына жазып, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айткан.

КРнын Инженердик академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн көрүнүктүү кызматкери, экономика илимдеринин доктору, профессор Купуев Пирмат Купуевич узакка созулган оорудан улам 77 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1942-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылында жарыкка келген.

Москва шаарындагы Станко-индустриалдык институтту 1966-жылы аяктап, 1966-жылдын февраль айынан тартып Фрунзе шаарындагы Ленин атындагы машина куруу заводунда инженер-технолог, улук инженер-технолог, экспорттук аймактын мастери кызматтарында эмгектенип баштаган.

Маркум менен кесиптештери Ош шаарында коштошту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM