Биз менен байланышыңыз

Таласта жол кырсыгынан бир аял жана эки жаштагы кыз каза болду

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 541 | 0

Талас облусунун Кара-Буура районунда жол кырсыгы катталып, бир аял жана эки жаштагы кыз каза болду. Кырсык 2-январь күнү саат 13:30 чамаларында Талас-Тараз-Суусамыр жолунун 46-чакырымында болгонун  облустагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнн испектору Сабит Оморбеков кабарлады.

Маалыматка ылайык, Т.Ж. аттуу айдоочу Hоnda CR-V унаасы менен баратып рулду башкара албай Мазда унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Hоnda CR-V унаасында бараткан 34 жаштагы аял жана айдоочунун эки жаштагы кызы каза болуп калган.

Ал эми айдоочу алган жаракаттарынан улам райондук ооруканага жеткирилген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM