Биз менен байланышыңыз

Ошто жаштар инсталляцияны талкалашты

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 489 | 0

Ош шаарындагы «Семетей» сейил багындагы отургучтарды белгисиз адамдар сындырып кетишти. Демилгелүү жаштар тарабынан орнотулган «Мен сени сүйөм, Ош» («I LOVE OSH») деп жазылган инсталляциянын үстүнө чыгып түшкөн жаш жигиттин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкууга алынды.

Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын маалыматы боюнча, шаардын көркүн бузган мындай адаттар тыйылбай келет.

Аталган чарба комбинаттын басма катчысы Иманбек Советбековдун айтымында, жаңылануу менен жашылдандырууну жана көрктөндүрүүнү дээрлик шаардагы бардык сквер, парктарда жүргүзүлгөн. Жашыл чөбү жок, отургуч, үкөк жана жарыктандыруудан кабары жок жаткан «Семетей» сейил багы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан керемет жайга айланган. Тилекке каршы кайдыгер жарандар жасап жаткан иштер жан кейитет. Жогорудагы сейил бактагы отургучтарга жазып, таякчаларын сындырып, түнкү жарыктарды талкалап,  ар жерге аттарын жазган жаштардын тарбиясы ушул болсо алардан келечек эмнени үмүт кылмак эле.

Ошону менен бирге Советбеков жаштар чарбачыл комбинат жасаган эмгекти талкалап жатышат деп кейиди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM