Биз менен байланышыңыз

Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 534 | 0

Бүгүн, 4-январда Кыргыз Республикасынын эл артисти  Эсенбүбү Нурманбетованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Андан мурун Бишкектеги Опера жана балет театрында эл артисти менен коштошууга келгендердин митинги өттү.

Опера ырчысы Эсенбүбү Нурманбетова 2019-жылдын 2-январында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты. Ал 1957-жылдын 13-июнунда Талас облусунун Арал айылында туулган. 1978-жылы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтун, 1984-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.  Эмгек жолун 1984-жылдан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында опера ырчысы катары баштаган.

Эсенбүбү Нурманбетова кыргыз, казак, орус жана чет элдик композиторлордун романстарын, опералардын арияларын жана элдик ырларды мыкты аткара билген.

Кезинде кыргыз опералык труппасы мурдагы СССРдин көптөгөн шаарларында ийгиликтүү гастролдорду өткөргөн. Ал гастролдордогу спектаклдерде Эсенбүбү Нурманбетова негизги опера партияларды аткарган. Кыргыз опералык труппасынын гастролдору Румынияда, Алжирде, Түркияда, Кытайда, Индияда, Монголияда ийгиликтүү өткөнү белгилүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM