Биз менен байланышыңыз

Таласта айып пулдун кымбатташы боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 742 | 0

Талас облусунда жол кыймылынын эрежелерин бузгандар үчүн айып пулдун кымбатташы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ЖКККБнын ага инспектору Сабит Оморбеков билдирди.

Анын айтымында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Байыш Ашырбеков жана райондук ЖКК тобунун кызматкерлери райондорду кыдырып, айдоочулар менен жол кырсыктарын болтурбоо жана айып пулдун кымбатташы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Эң арзан айып пул 1000 сомду түздү. Мындай айып пул айдоочулардын коопсуздук курун тагынбаганы үчүн салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM