Биз менен байланышыңыз

Өкмөт башчы: Жол эрежесин бузгандар жазасын алуусу керек

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 749 | 0

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жарандардын коопсуздугун сактоо үчүн жол эрежесин бузгандарга айыппулдун суммасын көтөрүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ала өкмөттө өткөн жыйында айткан.

Анын айтымында, тартип бузган жактар тийиштүү жаза алышы керек. Жол кыймыл эрежелерин бузуу көбүнчө айлана-чөйрөдөгү адамдардын жашоосу үчүн коркунуч келтирет. Айыппулдун жогорулатылышы алдын алуу чараларына кирет. Эреже бузуучулар жоопкерчиликти сезиши керек, жеке талап кое билбесек, тартип болбойт.

Ошону менен бирге премьер-министр  коомчулукка жол эрежелерин бузгандарга карата айыппулдун көбөйтүлүшү сыяктуу демилгелер боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек экенин айтты. Ал ошондой эле ишке кирген кодекстер менен мыйзамдар боюнча бурмаланган маалыматтар таратылып жатканын билдирди.

Эске салсак, 1-январдан тарта жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштады. Ошондой эле “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” да ишке кирди.

Жаңыдан күчүнө кирген эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айыппул салынат. Ал эми 40 чакырымдык ылдамдык чегин бузган айдоочулар 7500 сом айыппул төлөйт. Мындан башка да жол эрежелерин бузгандарга айыптын өлчөмү көтөрүлдү.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM