Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан БУУга эң аз каражат которду

Кыска кабар | 4 Янв 2019 | 433 | 0

Кыргызстан  Бириккен улуттар уюмунун 3 жылдык бюджетине коңшу мамлекеттердин арасынан эң аз каражат которду. Бул тууралуу аталган уюмга шилтеме берүү менен чет өлкөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан кошкон каражат БУУнун бюджетинин 0,002 пайызын түзгөн. Ал эми эң көп каражатты уюмга АКШ төктү (22 пайыз). Кийинки орунда Кытай (12,005 пайыз), анан Япония турат (8,564 пайыз). Ал эми 10-орунду Казакстан ээлеген (0,187 пайыз).

Ошондой эле Өзбекстан БУУнун бюджетинин 0,032 пайызын, ал эми Тажикстан 0,004 пайызын көтөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM