Биз менен байланышыңыз

Ысык-Атада аял кишинин жансыз денеси табылды

Кыска кабар | 3 Янв 2019 | 489 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Д.Курманалиев айылында белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылды. Маркум болжол менен 30-35 жашта.

Аталган айылдын малчылары эртең менен эрте мал чыгарып бара жатып айылдын этегинде, жол четинен белгисиз кыздын сөөгүн табышкан.  Алар дароо милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Ал жаңы жыл түнү өлтүрүлгөн болушу мүмкүн экени айтылууда.

Ал эми Ысык-Ата РИИБдин маалыматы боюнча, 1-январь күнү саат 16:25те райондогу айылдардын биринде жансыз дене табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Билдирүү кылмыш жана кырсыктардын бирдиктүү реестерине катталган.

Денени кароо учурунда эч кандай жаракат байкалган эмес. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, маркумдун өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM