Биз менен байланышыңыз

Кочкордо адам өлтүрүүгө шектелип 27 жаштагы жигит кармалды

Кыска кабар | 3 Янв 2019 | 564 | 0

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жердешин өлтүрүүгө шектелип, 1991-жылы туулган тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 31-декабрында саат 18:00 чамасында  Кара-Тоо айылынын тургуну Ш.Ч. телефон аркылуу Кара-Тоо айылындагы үйүнөн бир тууган инисинин жансыз денеси табылгандыгын билдирген. Билдирүүнүн негизинде окуя болгон жерге Кочкор РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган учурда Кара-Тоо айылынын 47 жаштагы тургуну Ш.Р. өзүнүн жашаган үйүнөн күч колдонуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусундагы алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө, маркумдун башынын арткы тарабына (кара кушу) катуу, кырдуу жана учтуу буюм менен тогуз ирет чаап өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (киши өлтүрүү) негизинде иш козголуп, соттук-медициналык, биологиялык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү  катары Кочкор районунун 1991-жылы туулган тургуну К.А. кармалып, Жаза-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык Кочкор РИИБдин убактылуу кармап туруучу жайына камакка алынды.

Азыркы мезгилде тергөө, тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM