Биз менен байланышыңыз

Криштиану Роналду Инстаграмда рекорд койду

Кыска кабар | 3 Янв 2019 | 513 | 0

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду Instagram социалдык баракчасында жаңы рекордду койду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Италиялык «Ювентус» жана Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду аталган социалдык тармагында рекорд коюп, лидерликти бербей келүүдө. Роналдунун баракчасына катталгандардын саны учурда 150 миллионго жетти.

Белгилей кетсек, футболчудан кийинки орунда ырчы Селена Гомес (144 миллион адам катталган)  турат. 2016-жылдан бери Селена Гомес лидерликти бербей келген. Бирок Роналду аны 2018-жылдын октябрында артта калтырган.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM