Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда «Активдүү инвестициялар жана социалдык өнүгүү жылы» жарыяланды

Кыска кабар | 3 Янв 2019 | 606 | 0

2019-жыл Өзбекстанда «Активдүү инвестициялар жана социалдык өнүгүү жылы» деп жарыяланды. Бул тууралуу  жергиликтүү өзбек басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, азырынча бул жарлыкты Өзбек бийлиги расмий тастыктап, жарыялай элек.

Ал эми өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин парламентте сүйлөгөн сөзүнө ылайык, активдүү инвестициялык саясат өлкөнү өнүгүүгө, жогорку ийгиликке жеткирерин дүйнөлүк тажрыйба далилдеди. Албетте инвестициялар өлкөдө жашаган ар бир адамдын жашоосун жакшыртууга сарпталат. Максат — Өзбекстанда жашаган ар бир адамдын улутуна, тилине, динине карабай тынчтыкта жана бакубатчылыкта жашашына шарт түзүү. Алар өз өмүрүнө ыраазы болушу зарыл.

Эске салсак, 2018-жылды Мирзиёев «Активдүү ишкерликти, инновациялык идеяларды жана технологияны колдоп-кубаттоо жылы» деп жарыялаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM