Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө кар көчкү түшүү коркунучу болот

Кыска кабар | 3 Янв 2019 | 459 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 4-январынан 7-январына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу болот. Мындай  эскертүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука—Каныш-Кыя автоунаа жолунда , Красная Горка—Ак-Таш автоунаа жолунда  жана Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM