Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда селден сактоочу дамбалар курулду

Кыска кабар | 3 Янв 2019 | 431 | 0

Баткен облусунун Кадамжай районунда эки дамба курулуп,  пайдаланууга берилди. Эми алар Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Токой жана Кызыл-Коргон айылдарында селдин агымын буруу үчүн кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Ачылышка ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын башчысы,  өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана жергиликтүү бийлик менен тургундар катышты.

Токой айылындагы дамба 100 миң кубдан ашык селди кармайт. Анын узуну 104 метр болсо, бийиктиги 17 метр. Бул дамбаны куруунун натыйжасында 71 турак үй, 6,2 чакырым ички чарбалык жолдор, 9 чакырым ички арыктар, 36 электр мамычалары жана 48 га эгин талаалары селден корголду.

Ал эми Кызыл-Коргон айылындагы дамбанын бийиктиги 12 метр, узуну 60 метр болсо, кенендиги 24 метр. Ал 30 миң кубдан ашык селди кармайт.

Эске салсак, Ак-Турпак айыл аймагында 2017-2018-жылдары 8 сел кырсыгы катталып, көптөгөн материалдык чыгымдарга алып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM