Биз менен байланышыңыз

Депутат: Бир гана президенттин адамы мэр боло турган болуп калды

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Дек 2018 | 980 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев “Марал” радиосуна берген маегинде күчтүү өкмөт башчы президентке баш ийбей турганын, бирок бүгүнкү күндө премьер-министр президентке баш ийип жатканын билдирди.

Ал парламент дагы чыгарган мыйзамдары аркылуу өзгөрүүгө алып бара албай жатканын айтат.

“Мисалы, мен айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрин түз шайлоо боюнча мыйзам долбооду 2 жылдан бери II окууга киргизе албай отурам. Анын себебин да түшүнбөйм”, — дейт Бокоев.

Аймактарды өнүктүрүү жылы эл өкүлүнүн Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо менен эсинде калган.

“Анткени калаа башчылыкка бир талапкер чыкканда эл, демократиялык күчтөр баары нааразы болду. Бийлик Бишкек менен Ошко кимди кааласа мэр кылып дайындап жатат деген тыянак чыкты. Биз муну өзгөртпөсөк бир гана президенттин адамы мэр боло турган болуп калды”, — дейт Бокоев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM