Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бир топ көчө убактылуу жабылат

Кыска кабар | 31 Дек 2018 | 699 | 0

Бүгүн, 31-декабрга Бишкекте бир катар борбордук көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы маалымдады.

Бүгүн эртең мененки саат 8:00ден тарта бир күн бою Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Ал эми кечки саат 17:00тен тарта Абдымомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки аралыгы жабылары маалым болду.

Ошол эле учурда Киев көчөсүнүн Эркиндиктен Панфилов көчөсүнө чейинки аралыгы жабылып, бир гана автобус жана троллейбустар үчүн ачык болот.

Буга байланыштуу, башкармалык шаар тургундары менен меймандарын жүрө турган жолун караштырып алуусун эскертет.

Кошумчаласак, жаңы жылдык иш чара өтүүчү Ала-Тоо аянтын 2 миңден ашуун коопсуздук кызматкери кайтарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM