Биз менен байланышыңыз

Экспорт басаңдаган бир жыл

Экономика | 28 Дек 2018 | 736 | 0

2018-жыл соңуна чыгып бара жатат. Өтүп бараткан жылы өлкө экономикасында кандай өзгөрүү болду?

Экономика министрлиги өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу болгонун билдирет.  Анткени менен ички дүң өнүмдүн көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырганда төмөн. Тагыраагы, 2017-жылы жалпы экономикада 4 пайыздан көбүрөөк өсүш болсо, быйыл 3 пайызга гана жетти.

Анын ичинен айыл чарбасы 2,5 пайыз, курулуш тармагы 8,5 пайыз өсүшү күтүлөт. Ал эми кызмат көрсөтүү тармагындагы өсүш басаңдады. 1,5 пайызды гана камсыздады. Өнөр жайда 5 пайыздын тегереги деп болжонууда.

Анткен менен рыноктогу баалар төмөн деңгээлде сакталды.  Көрсөткүчү бир пайызга чыккан жок.  Себептерин Экономика министрлигинин макроэкономика башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев айтып берди.

Инфляция көбөйүшү мүмкүн. Бирок өтө төмөн деңгээлде болот. Биздин эсептөөлөр боюнча 5 пайызды көтөрүлүшү ыктымал дегенбиз. Бирок андай болгон жок. Быйыл баалар дагы негизинен төмөн болууда. Мунун негизги үч себеби бар. Айыл-чарба продукцияларына баанын көтөрүлбөгөнү. Буга дүйнөлүк рынокто буудайдын баасы туруктуу сакталганы, кант кызылчасынын көлөмү жогору болушу жана Өзбекстандан арзан жемиштердин келип жатканы өз таасирин тийгизүүдө.

Ошол эле кезде экспорттун деңгээли кескин түштү. Он айдын жыйынтыгында 1,6 пайызга чейин төмөндөгөн. Импорт тескерсинче 9,8 пайыз жогорулады.

Бирок көрсөткүчтөрү начар болгон экспорт тармагы турат. Анткени үстүбүздөгү жылы алтын аз өндүрүлдү. Он айдын жыйынтыгын алып карасак, 1,6 пайызга төмөндөп кетти. Бирок жылдын аягына чейин көрсөтүлгөн жыйынтыкка 100 пайыз чыгышыбыз мүмкүн. Алтындын экспорттогу көрсөткүчү жыл соңунда 16,5 пайызга өскөн.

Өлкөгө келген инвестиция дагы 2018-жылы азайды. Өткөн он айда тикелей инвестиция 31,5 пайызга чейин кыскарды. Кыргызстанга келген акча  344млн 800 миң доллар. Бирок анын ичинен 328 млн доллар чыгып кеткен. Бул экономика реформа жасалбагандын натыйжасы экенин мурунку Экономика министри Арзыбек Кожошев айтты.

Инвестициянын көлөмү өткөн алты айдын жыйынтыгы боюнча былтыркы жылыдын ошол мезгилине караганда, 30 пайызга төмөндөп кеткен. Бүгүнкү күнү акчасын салам дегендер Кыргызстандагы кендердин жана заводдордун айланасындагы чыр-чактактардан улам кетүүдө. Бул ишкерлердин чөйрөсүндө акыбал жакшы эмес дегенди айгинелейт.  

Бизнес коомчулугу болсо, жогорку бийлик өкүлдөрү ишкерлерди колдоого алып жатканы менен ишерлер көтөргөн маселер чечилген жок дешүүдө. ЖИА Бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов бул көрүнүш бийлик өкүлдөрү менен ишкер түздөн-түз бет келген учурлар дагы эле уланып келатканын айтат. Аткен менен, жылдын эң негизги чечимдери болуп ишкерлерди текшерүү токтотулганын атады.

Бизнеске тиешелүү мыйзамдар, бюрократияга тиешелүү маселелерди ишкерлер дагы деле көтөрүп келе жатышат. Албетте, президенттен, премьер-минитстрден жакшы көздөрдү угуп жатабыз. Бирок мыйзамдарды аткарган төмөн жактагы чиновниктер экен да. Ошолор жактан кыймыл-аракет азыраак. Алар тараптан чечкиндүү кадамдар ташталган жок. Жыл соңунда гана ишкерге үчүн берген президенттин комитет түзүү жарлыгы жана өкмөттүн бизнести текшерүүгө тыюу салган токтом болду.

Аймактарга келсек, «Аймактарды өнүктүрүү» жылында аймактарга бийлик тараптан көңүл бурулду. Бирок экономикалык жаатта болбогонун Ош шаарынан экономист Эркин Абдразак белгиледи. «Маралга» берген маегинде бул жаатта жергиликтүү бийлик өкүлдөрдүн жоопкерчилигин көтөрүүнун сунуштайт. Анткени мектеп салуу менен эле айыл турмушун көтөрүп кетүү мүмкүн эмес. Ошол себептүү инвестиция тартууга чакырды.

Үстүбүздөгү жылды президент «аймактарды өнүктүрүү жылы» деп жарыялаган болчу. Бул алгачкы ташталган кадам. Буга чейин деле аймакка көңүл бурулду. Бирок социалдык тармактарга жасалды. Анткен менен экономиканы садик же мектеп салып көтөрүүгө мүмкүн эмес. Бирок бул жагынан жылыштар болгон жок. Айрым ишканалар ачылды делгени менен ал деле жеке ишкердин аракети менен гана салынып жатат.  

Статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, быйыл Кыргызстанда орточо айлык акы 15 793 сомго жетти жана бул бир жыл мурдагыдан 6,7% жогору.

 

Copyright © 2017 Maral FM