Биз менен байланышыңыз

Өлкө башчы студенттерге президенттик стипендия тапшырды (сүрөт)

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 715 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-декабрда 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларынын студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Анда ал сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандын өнүгүшү үчүн билим негизги ресурс катары бааланып, билим чөйрөсү мамлекеттик бюджеттен артыкчылыктуу багыт катары каржыланаарын белгиледи.

Ал азыркы студенттер өмүр бою изденип, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө, жаӊы кесиптерди багынтууга даяр болушу керектигин айтты.

Мамлекет башчысы жаштар жакынкы келечекте санаритик платформага негизделген Кыргызстандын өнүгүүсүнүн жаңы деңгээлге чыгарууга түздөн-түз катышат деген ишенимин билдирди.

Айта кетсек, жыл сайын өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн президенттик стипендия тапшырылып келет.

Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында 69 студент президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга 50 миң сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM