26-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймактарына туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+4;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4;
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Нарында түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз +2…+4.