Биз менен байланышыңыз

Алмамбет Шыкмаматовдун кылмыш иши токтотулду

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 775 | 0

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго карата ачылган кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу депутат өзү жарыялады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү буйругу да бар. Анда жазылгандай Шыкмаматовго карата Кылмыш жаза кодексинин 303-315-беренелеринин негизинде ачылган иш токтотулганы жазылат.

Эске салсак, Алмамбет Шыкмаматов «2 жыл Эсептөө палатасынын аудитору болуп турганда жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын Мерседес-Бенц Е320 үлгүсүндөгү унаасын кымбат баага сатуу үчүн «Барат Люкс» ишканасын тендерге катышкандардын катарына кошууну демилгелеген» деп айыпталып, кылмыш иши козголгон.

Биринчи инстанциядагы сот иши Биринчи Май райондук сотунда каралып, 19-декабрда Шыкмаматовго, Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиевге жана Германиянын Кыргызстанда жашаган жараны Али Юкселге өкүм чыгарылган.

Соттун чечимине ылайык, Шыкмаматов 5 миллион сом айыпка жыгылган. Ал буга каршы экенин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Ушул жылдын 12-июнунда Бишкек шаардык сотунда райондук соттун өкүмү жокко чыгарылып, тергөөдөгү айрым такталбаган жагдайларды оңдоо талабы менен иш кайра тергөөгө жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM