Биз менен байланышыңыз

Быйыл өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттын көлөмү 22%га өстү

Кыска кабар | 25 Дек 2018 | 505 | 0

Быйыл Кыргызстандан чыккан каражаттардын көлөмү 22%га өскөнүн  Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтуусунда, 2018-жылдын 10 айында 444,7 миллион доллар өлкөдөн чыгарылып кеткен.

10 ай ичинде өлкөгө келген акча каражаттын саны 2 миллиард 243 миллион долларды түзөт. Орусияга которулган акча 441,2 миллион долларды түзсө, Орусиядан Кыргызстанга кирген акча 2 миллиард 203 миллион далларга жеткен. Ал эми коңшу Казакстандан которулган акчанын көлөмү 2 миллион 100 миң доллар болсо, 1 миллион 300 миң доллар бул өлкөгө чыгарылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM