Биз менен байланышыңыз

Курмангазы Исанаев цирктин жетекчилигинен алынды

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 704 | 0

Кыргыз мамлекеттик цирктин башкы директору Курмангазы Исанаев кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Исанаев цирктин башкы директору болуп 2004- жылы дайындалган эле.

Эске салсак, өткөн айда цирктин жамааты Курмангазы Исанаевге нааразылык билдирип, кол топтошкон. Жогорку Кеңештин комитетинде цирктин ишмердүүлүгү тууралуу маселе каралып, жетекчисине карата айтылган нааразылыктар талкууланган.

Цирктеги жаңжал 1-февралга чейин иликтенет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM