Connect with us

Цирктеги жаңжал 1-февралга чейин иликтенет

Күн чабыт | 28 Ноя 2018 | 1242 | 0

Мамлекеттик цирктин жамааты жетекчиликтин ишине нааразычылыгын билдирип чыгышты. Алар цирктин жетекчилиги бир нече жылдар бою көптөгөн мыйзам бузууларды жасаганын, Курмангазы Исанаев жетектеген 14 жылдын аралыгында цирк өнүкпөгөнүн айтышты. Ошондой эле цирктин жетекчилигине 32 жаштагы жаш жетекчи сунуштап жатышат. Мамлекеттик цирктин башкы директору Курмангазы ИсанаевМарал” радиосуна өзүнө болгон нааразылыктар жана айрым кызматкерлер сунуштап жаткан жаш  кадр боюнча төмөнкүдөй оюн билдирди:

Курмангазы Исанаев: Цирктин жамааты тарабынан бир топ жылдан бери нааразылыктар айтылып келет. Алар мени кызматтан кетишимди жана жетекчиликке жаш кадрдын келишин сунушташууда. Алар сунуштаган жаш кыз окуусун жаңы эле бүттү, заочно окуган. Ал иштей да албайт, аны мен мурун да айткам. Мамлекеттик цирктин башына өкмөттүн токтому менен квалификациялык талаптарга жооп берген киши келет. Башкы директордун номенклатурасы премьер-министрдики. Кесибине байланыштуу жогорку билими болуш керек. Ошондой эле 5 жылдан кем эмес жетекчилик кызматта иштеген тажрыйбасы болушу шарт. Ушул сыяктуу талаптарга жооп берсе гана сунушталат.

Эми нааразылык билдиргендер мага каршы адамдар, мен иштен бошоткон Эл артисти. Анан бул Аиданын (ред. депутат Аида Касымалиева) дагы атасы Акматов деген киши бизде иштейт. Арызчылардын  башында координатор болуп, уюштуруп жүргөн. Ошентип мага каршы кол топтошкондор 20 дан ашып кетти.

Марал: Циркке мамлекет тарабынан жалпы канча акча бөлүнөт?

Курмангазы Исанаев: Орточо эсеп менен алганда 15 млн сомдун тегерегинде бөлүнөт. Анын 12 млн сому айлыкка жумшалат. Коммуналдык кызматтарга төлөөгө каражат жетишпеген үчүн өзүңөр иштетип, өзүңөр жапкыла деп айткам. Иш сапарлары үчүн акча бөлүү боюнча илгертен эле мыйзамда жок. Анын үстүнө бул жердеги талкаланып, көчүп кеткен, жаман абалдагы имаратты ижарага берип, Кытайлар келип оңдоп, иш баштаганда салык төлөп жатышат. Ошол акчага биз эптеп жашап келе жатканбыз. Бирок аны дагы 2 жылдан бери албайбыз, ижарачылардан түшкөн акчаны өкмөттүн токтомунун негизинде Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүп беребиз. 9 ижарачыдан 300 миңдин тегерегинде акча түшөт. Ошондуктан бош турган имараттардын ижарага берилгени мыйзамдуу.

Марал: Мамлекеттик цирктин айланасындагы маселе боюнча мекеменин башкы директору Курмангазы Исанаев ушундай маалыматтарды берди. Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде көтөрүлдү. Анда депутат Аида Касымалиева Исанаев бул маселени күн тартибинен алып салууну суранганын айтты. “Күн чабыт” программасында депутаттын өзүнө да суроо узаттык.

Марал: Мамлекеттик циркте негизги мыйзам бузуулар кайсы?

Аида Касымалиева: Курмангазы Исанаевдин айткандарынын көбү калп болуп жатат. Биз көптөгөн арыздардын негизинде бардык тараптарды угалы деп расмий жол менен комитетке чакырганбыз. Бирок ошол күнү комитеттин күн тартибинен циркке байланыштуу маселени алып салуу боюнча ар кандай телефон чалуулар болду. Бул дагы мыйзамсыз. Себеби коррупциялык иштер жок болуп, адам таза болсо келет. Биз көптөгөн маселелер боюнча канчалаган адамды комитетке чакырып келебиз, эч ким маселени күн тартибинен чыгаруу аракетин көргөн эмес.

Негизги мыйзам бузуулар боюнча так айта албайм, себеби арыздануулар ушунчалык көп болуп жатат. Бул маселени комитеттин жыйынына чыгарганыбыздын себеби дагы 3-4 жылдан бери эле цирктеги мыйзам бузуулар боюнча арыздануулар көп болууда. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2010-жылдан бери 60 жолу текшерүү өткөн экен, бул жөн жерден болбойт.

Ошондуктан мен буга чейин дагы тийиштүү органдарга кат жазгам, бирок алгылыктуу жооп албагандыктан маселени комитетте териштирип алалы дедик.

Марал: Кандай сунуш берип жатасыздар?

Аида Касымалиева: Бул жерде эки тараптын эле кайым айтышуусу болуп калбашы керек. Негизги максатыбыз арызданууларда жазылган коррупциялык схемалар бар-жоктугун аныктоо, ошол үчүн тийиштүү органдарга тапшырма бердик. Алар 1-февралга чейин жыйынтыгын чыгарышы керек.

Мамлекет эч кандай жардам бербей жатат деп айтканы боюнча, эгер мамлекет жардам бербесе ал башка органдардын жетекчилери катары өзү чуркап, кат жазып аракет кылышы керек.

Экинчиден, Мамлекеттик мүлк фонду аркылуу абдан көп салык төлөп жатышканын, бош турган жерлерди ижарага берүү мыйзамдуу экенин айтып жатат. Бирок биз айткан нерсе башка. Ошол имараттарды ижарага берип жатканда алар менен өз ара сүйлөшүү барбы? мисалы капиталдык ремонтко канча акча бөлүндү, ал кандай сарпталды, цирктин азыркы абалы кандай? Андан сырткары билет сатууда кандай мыйзам бузуулар бар? Эмне себептен артисттер улам арызданышат? Циркте көптөгөн каражат бар болсо да анын абалы көп жылдан бери жакшырган жок. Кеп ушул маселелерде болууда.

Марал: Ушул жагдайларды укук коргоо органдары иликтеп жаткан экен, көз карандысыз комиссия да түзүлдүбү?

Аида Касымалиева: Көз карандысыз комиссияны биз түзгөн жокпуз. Биз азыр укук коргоо орагндарынын иликтөөсүнүн жыйынтыгын күтөбүз. Алар 1-февралга чейин иликтөөлөрүнүн жыйынтыгын бериши керек. Эгер жыйынтык бизди канааттандырбаса, абал ушул бойдон улана берсе анда биз депутаттык комиссия түзөбүз.

Copyright © 2017 Maral FM