Биз менен байланышыңыз

«Кырк чоро» Кытай элчилигинин алдына митингге чыкты

Кыска кабар | 20 Дек 2018 | 515 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

«Кырк чоро» бирикмесинин мүчөлөрү бүгүн, 20-декабрда Кытайдын Бишкектеги элчилигинин алдында тынчтык акциясына чыгышты. Алар Кытайдагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулукту токтотуу, тарбиялоочу лагериндеги этникалык кыргыздардын камакка алыныш себептери, алардын мыйзамсыз иштери боюнча коомчулукка ачык жарыялоону талап кылышты.

Андан сырткары Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүргөн чет өлкөлүк жарандар 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүсү жана 10 жыл ичинде чет өлкөдөн келип кыргыз жарандыгын мыйзамдуу алгандыгын аныктоо максатында атайын комиссия түзүү талабы коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM