Биз менен байланышыңыз

Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу дайындалды

Кыска кабар | 18 Дек 2018 | 698 | 0

Ногойбаев Жеңишбек Транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн жаңы мүчөсү белгиленген тартип боюнча дайындалганга чейин Ногойбаев бул кызматты аркалайт.

Ал 2018-жылдын февраль айынан тарта министрдин орун басары болуп иштеп келген.

Эске салсак, мурунку министр Жамшитбек Калилов орун басары Азимкан Жусубалиевдин ири суммадагы пара алып кармалуусуна байланыштуу өз арызынын негизинде кызматтан кеткен болчу.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM