Биз менен байланышыңыз

Акы төлөнчү жолдордун болжолдуу баасы айтылды

Кыска кабар | 26 Окт 2018 | 1280 | 0

Транспорт жана жолдор министрлиги акы төлөнчү жолдордун болжолдуу баасын айтты. Бул тууралуу министрликтин сайтында жазылган.

Акы төлөнчү жолго жеңил унаалар километрине 0,56 тыйын, ал эми жүк ташуучу унаалар көлөмүнө жараша 2 сомдон 14 сомго чейин төлөшү ыктымал.

Алдын ала эсеп боюнча, калк жолду эксплуатацияга кеткен каражаттын эң көп дегенде 50 пайызын төлөй алышы мүмкүн. Учурда мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилип жатат. Үч аптанын ичинде долбоордун документтери коомчулуктун талкуусуна коюлат.

Эскерте кетсек, Түндүк-түштүк альтернативалык жолу да акылуу болушу мүмкүн деп белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM