Биз менен байланышыңыз

Зурабишвили президенттик кызматка киришти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2018 | 645 | 0

Грузиянын жаңы президенти Саломе Зурабишвили 16-декабрда салтанаттуу түрдө президенттик кызматка киришти. Анын инаугурациясы адаттагыдай борбор шаар Тбилисиде эмес, Телави шаарында өттү.

Телави шаары президенттик шайлоонун эки турунда тең көпчүлүк добуш менен оппозициялык талапкер Григол Вашадзени колдогон. Зурабишвилинин айтымында бул шаарды тандоосу да жөн жеринен болгон жок. Ал муну менен жарандар кимге добуш бергенине карабай барына кам көрүүчү президенти экенин билдирүүнү каалады.

«Мен мага добуш бергендерге жана мени эркин талапкер катары колдогон «Грузин кыялы» партиясына ыраазычылык билдирем. Мага добуш бербегендерди сыйлайм. Албетте, ар кимдин мени президент катары кабыл алуусу ар турдүү. Бирок бүгүндөн баштап мага Конституция берген милдеттин негизинде бардык жарандардын президенти болуу жоопкерчилигин өз мойнума алам»,-деди кызматка киришүү аземинде сөз сүйлөгөн Зурабишвили.

Эске салсак, 76 жаштагы Саломе Зурабишвили Францияда төрөлүп-өскөн. 2004-жылдан тарта гана Грузияда эмгектене баштаган . Ал буга чейин бир катар дипломатиялык кызматтарды аркалап келген. Анын саясий позициясы толугу менен Европага ыктап, Орусиядан узак болууну көздөйт.

Copyright © 2017 Maral FM