Биз менен байланышыңыз

«Макмалалтын» менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча конкурс аяктады

Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 626 | 0

“Кыргызалтын” ишканасы «Макмалалтын» комбинатын иштетүүгө инвестор табуу боюнча жарыялаган конкурс аягына чыкканын жарыялады. 30 күн ичинде билдирмелер кабыл алынган. Бүгүн, 14-декабрдан тарта 5 иш күнүнүн ичинде мекемелер аралык комиссия жеңүүчүнү аныктайт. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынан кабарлашты.

Мекемелер аралык комиссияга Экономика министрлигинин, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинен, Тоо өндүрүшү бирикмесинен, өкмөттүн Жалал-Абад облсундагы өкүлчүлүгүнөн, Тогуз-Торо районун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Каргалык, Атай, Көк-Ийрим, Сары-Булуң жана Тогуз-Торо айыл өкмөт башчылары, ошондой эле «Кыргызалтын» ишканасынын кызматкерлери кирди.

Эске салсак, 14-ноябрда «Макмалалтын» комбинатынын базасында биргелешкен ишкана түзүү боюнча сынакка катышуу үчүн табыштамалар кабыл алына баштаган.

Жеңүүчү компания жергиликтүү элге максималдуу санда жумушчу орун бериши керек, кенди иштетүүдө экологиялык жактан коопсуз реагенттерди жана заманбап технологияларды милдеттүү түрдө колдонушу шарт, кыска мөөнөттө алтын ылгоочу жаңы фабриканы ишке киргизүү же мурдагы турган фабриканы модернизациялоо, долбоорду каржылоо инвестордун өзүнүн каражатынан болушу шарт, Тогуз-Торо районун өнүктүрүү фондуна жыл сайын салымдын өлчөмү 1 пайыздан кем эмес болушу керек, тоо-кен казуу тармагында иш тажрыйбасы болушу шарт.

Сынакка Кыргызстанда жана чет өлкөдө катталган юридикалык жактар, ошондой кыргызстандык жана чет элдик жеке жактар катышты.

Copyright © 2017 Maral FM