Өзбекстандын Ташкент шаарында жазуучу Чыңгыз Айтматовго арналып эстелик тургузулду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Ошондой эле Ташкент облусундагы мектептердин бирине Айтматовдун бюсту орнотулду.
Эске салсак, өлкө президенти Шавкат Мирзиёев Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө боюнча токтом чыгарган. Анын алкагында Юнусабад районундагы көчөлөрдүн бирине жазуучунун ысымы ыйгарылды.