Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстанда камактагы 800гө жакын жаранга ырайым берилет

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 477 | 0

Түркмөнстанда камактагы 796 жаранга ырайым берилет. Тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов кол койгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Мамлекеттик басылмалардын билдиришинче, Бердымухамедов 10-декабрдагы видеоселектордук жыйын маалында ИИМ башчысына ырайым берилген жарандардын эркиндикке чыгышы үчүн бардык тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырган.

Былтыр түркмөн президенти түрдүү майрамдарга карата жалпысынан үч миңден ашык камактагы адамга ырайым берген. Укук коргоочулар белгилешкендей, бирок бир топ жылдардан бери мунапыс менен эркиндикке чыккандардын арасында саясий негизде камалгандар менен абийир туткундары жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM