Биз менен байланышыңыз

Белгиядан Кыргызстанга ишкерлер тобу келет

Кыска кабар | 12 Дек 2018 | 475 | 0

Брюсселде Кыргызстандын Тышки иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Белгиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Дидье Рейндерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун алкагында тараптар эки тараптуу визиттерди уюштуруу, соода-экономикалык жана ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташуу тууралуу маселе көтөрүштү.

Белгиянын вице-премьер-министри Кыргызстандын инвестиция жана бизнес кызматташуу потенциалын изилдөө максатында Бельгия 2019-жылы өзүнүн үч регионунан Кыргызстанга ишкерлер тобун жиберүүнү пландаштырып жаткандыгын билдирди.

Айдарбеков КРда экономикалык дипломатия кеңешин түзүү пландалып жатканын кабарлады. Ошондой эле министр келечекте эки тараптуу кызматташуунун комплексин өнүктүрүүгө, Евробиримдик жана башка эл аралык институттар алкагында кызматташууну бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.

Андан тышкары эки өлкөнүн ишкерлеринин форумун өткөрүүнү уюштурууга даяр экендигин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM